Аламүдүн районунун акими алмашты
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70 – беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, берген арызына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Тешебаев Мурадин Жолдошович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Эргешов Азамат Казыбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.