Аламүдүн районунда жаңы суу мунарасы курулду
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылында 2 млн. 70 миң сомго жаңы суу мунарасы курулду. Мунаранын көлөмү 100 метр кубга барабар. Бул өлчөм 19,5 гектар аянтты, башкача айтканда, 320 турак үй жайгашкан 4 көчө менен 271 батирлүү 11 көп кабаттуу үйдү тейлөөгө жетет.
Суу мунарасынын баасы 1 млн. 520 миң сом. Суу 230 метр тереңдиктен чыгарылып, жер иштерине 550 миң сом жумшалды. 11 айда ишке ашкан бул долбоорго жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү.