Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү пара менен кармалды

 Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүсү пара менен кармалды

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Д.Б. жарандын жакын туугандары арыз менен кайрылып, Аламүдүн райондук милициясынын айрым кызматкерлерине чара көрүп берүүнү суранышкан.

 

Арызда көрсөтүлгөндөй, алар 2024-жылдын 11-июль күнү саат 18:00 чамасында Аламүдүн райондук милициясынын имаратында уурулук фактысы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну айтып коркутушуп, кылмыш ишин токтотуулары үчүн 50 миң сом талап кыла башташкан.

 

15-июлда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча мыйзамга ылайык кылмыш иши козголгон.

 

Ошентип, 17-июль күнү болжол менен саат 18:10до Аламүдүн райондук ИИБнын иш бөлмөсүндө 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алгандан кийин тергөөчү 1996-жылы туулган Э.М. кармалган. Аны тинтүү учурунда шымынын оң чөнтөгүнөн мурда белгиленген 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган.

 

Ошол эле күнү кармалган тергөөчү Э.М. Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылу кармоочу жайына киргизилген.

 

Белгиленгендей, ИИМ түздөн-түз же милиция кызматкерлеринин катышуусу менен жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүнү улантууда.

Связанный пост