Аламүдүн дарыясын тазалоодо 47 миң тонна таштанды чыкты

Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктап, жалпы 11 км дарыянын нугу тазаланып, HOWO үлгүсүндөгү самосвалдар 2100 рейс аткарып, 46 822 тонна таштанды чыгарылды.
Ал эми дарыяны жээктерин бекемдөө үчүн 4287 тонна шагыл төгүлгөн.
Муну менен катар Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан тиешелүү уруксат документтери жок дарыянын жээгинде жайгашкан 16 объект демонтаждалган.
Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча жүргүзүлгөн масштабдуу иштер менен таанышты.
«Иш муну менен эле токтоп калбайт. Бүгүнкү күндө негизги иштерден тышкары дарыяны эстетикалык көрүнүшкө алып келүү үчүн чакан экскаваторлорду ишке киргизебиз», – деп баса белгиледи калаа башчысы.
Ошондой эле, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү, сейилдөөчү аянтча уюштуруу, жарандардын эс алуусу үчүн шарттарды түзүү жана дарыя жээктерин бекемдөө боюнча башка тиешелүү иштерди жүргүзүү милдети коюлду. Жөө жүрүүчүлөрдүн эс алуу жерлериндеги чуңкурларды оңдоо иштери “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасына тапшырылды.