Аламүдүндө 140 орундуу бала бакчанын курулушу толук бүткөрүлдү

 Аламүдүндө 140 орундуу бала бакчанын курулушу толук бүткөрүлдү

Дээрлик 10 жыл бүтпөй жаткан бала бакча бүткөрүлүп, колдонууга тапшыруу алдында турат.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында 140 орундуу бала бакчанын курулуш иштери толук бүткөрүлдү. Объектти куруу 2014-жылы башталып, бүткөрүлбөй келген.

Долбоорго ылайык балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн санитардык нормаларды сактоого жана билим берүү программаларына ылайыкталган шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим чечүүчү жайлар, ашкана, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр. Андан тышкары гимнастика менен машыгуу үчүн бөлмө, музыкалык сабактар өтүүчү бөлмө жана медициналык кабинет каралган. Жаш балдар үчүн эң керектүү заманбап оюн-зоок аянтчасы да бар.

Связанный пост