“Ала-Тоо Резортто” 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды
“Ала-Тоо Резорт” курортуна тиешелүү негизги 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу баштады.
Ишканадан билдиришкендей, жалпы жонунан 156,6 сотых жерди ээлеген ири объектинин чек арасы “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы тарабынан 2025-жылдын 6-сентябрында такталып, казыктар кагылган.
Ага ылайык, жакын арада Ак-Суу районунун Жыргалаң чокусунун аймагына мейманканалардын, VIP-коттедждердин жана модулдук үйлөрдүн курулушу башталат.
Кошумчалай кетсек, июль айында өткөн аукциондо коюлган 49 лоттун ичинен 14 лоттун жеңүүчүлөрү аныкталган. Анын баардыгын жергиликтүү инвесторлор түзгөн.
“Ушул тапта курорт жайгаша турган аймакта асма аркан жолдун курулушу да кызуу жүрүп, тирөөчтөрдүн пайдубалы толугу менен түптөлүп бүттү. Ошол эле учурда жол салуу жана таза суу менен камсыздоочу объектилерди куруу улантылып, саркынды суу тазалоочу курулмалар тургузулууда”,-деп айтылат маалыматта.