Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык жарманке жана тамак-аш зонасы жабылды
15-январдан тарта борбордук Ала-Тоо аянтында мыйзамдын жана санитардык талаптардын негизинде иштеген жаңы жылдык жарманке жана тамак-аш зонасы расмий түрдө ишин токтотту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, муниципалдык инспекция кызматкерлери башаламан соодага тыюу салууну катуу көзөмөлдөөдө, бирок ага карабай жашыруун иштегендер тууралуу маалыматтар келүүдө.
Эмне үчүн башаламан соода кылбаш керек?
1. Тамак-аштын сапаты көзөмөлдөнбөйт. Товарлар санитардык талаптарга жооп бербейт, керектүү документтерсиз сатылып, сапаты текшерүүдөн өткөн эмес.
2. Ден соолукка зыян. Санитардык талаптарга ылайык келбеген жерде даярдалган же сакталган азыктар ден соолугуңузга зыян келтириши мүмкүн. Бул өзгөчө балдар жана иммунитети начар адамдар үчүн коркунучтуу.
3. Сактоо шарттары начар. Мыйзамсыз соода жайларында азыктар көп учурда булганыч шарттарда сакталат жана бузулуп кетиши да мүмкүн.
“Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ден соолугуна кам көрүңүз, башаламан соода жайларынан тамак-аш сатып албаңыз”,-деп айтылат билдирүүдө.