Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чет өлкөлүк жылдыздардын катышуусунда салтанаттуу гала концерт өтөт

 Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чет өлкөлүк жылдыздардын катышуусунда салтанаттуу гала концерт өтөт

Кыргыз Республикасьнын Эгемендүүлүгүнүн 33-жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгынына арналган 31-августта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чет өлкөлүк жылдыздардын катышуусунда салтанаттуу Гала концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият ммнистрлиги маалымдады.

 

 

Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун маанайын чет өлкөлүк эстрада жылдыздары Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, швециялык “Боссон” тобу жана италиялык ырчы-композитор IN-GRID көтөрөт. Салтанаттуу концертте Россия сахнасында жарык жанган кыргызстандык ырчы Амирчик дагы ырдайт.

 

Ала-Тоо аянтындагы салтанаттуу майрамдык иш-чара 22.00 башталат.

Связанный пост