Ала-Тоо аянтын кооздоодо электр энергиясын үнөмдөөчү каражаттар колдонулат
Бишкекте Жаңы жылды утурлай Ала-Тоо аянтын кооздоо иштери башталды.
Мэриядан билдиришкендей, быйыл башкы балаты аянттын түндүк тарабына орнотулат.
Тынчтык мыйзамын жана энергияны үнөмдөө боюнча сунуштарды эске алуу менен борбордук аянтты кооздоо боюнча атайын план иштелип чыкты.
Жаңы жылдык балатыны орнотуу жана кооздоого шаардык муниципалдык кызматтар жооптуу. Мурунку жылдары сатылып алынган жарык гирляндалары, декоративдик элементтер, оюнчуктар мүмкүн болушунча көп колдонулат.
Мэрия акыркы үч жылдан бери жаңы жылдык гирляндалар алмаштырыла электигин, быйыл балаты үчүн энергияны жөнгө салуучу жаңы энергияны үнөмдөөчү жарыктандыргычтар сатылып алынарын белгиледи. Бул электр энергиясын керектөөнү кыйла азайтат. Кооздолгон балатынын энергияны керектөөсү 53 кВт/саатты түзөт.
Өткөн жылдагыдай эле, мэрия майрамдык жасалгалоо иштерине салым кошкон ишканалар менен иштешүүнү улантып, бюджетке каржылык жактан оорчулук келтирбешин камсыз кылууда.
Бул жылы да муз аянтчасы жайгашат. Өткөн жылы анын аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзсө, быйыл ал болжол менен 1400 чарчы метрге жетет.
Жакында бекитилген долбоорго ылайык, шаардын электр тармагына түшкөн жүктөмдү үнөмдөө жана оптималдаштыруу максатында тамактануучу жайлардын саны 36дан 14кө чейин кыскартылды.
Өткөн жылы өнөктөштөр аянтты жасалгалоого болжол менен 28 млн сом коротушкан. Бул жылы алардын салымы дагы көбөйөт, анткени реквизиттер, сейилдөө аянтын кооздоо, үйлөр жана декоративдик конструкциялар толугу менен жаңыртылат.
Ала-Тоо аянтынын жаңы жылдык жасалгалары заманбап элементтерди, майрамдык маанайды жана улуттук стилди айкалыштырат. Бардык иштер декабрь айынын ортосуна чейин бүткөрүлүшү пландалууда.
Сейилдөө аянты, тамактануу зонасы жана коомдук иш-чаралар саат 22:00дө жыйынтыкталып турат.