Ала-Букада заманбап ФАП ачылды
Район борборунан 56 чакырым алыстыкта жайгашкан 1-Май айыл аймагына караштуу Ажек айылында Фельдшердик-акушердик пункт ишке берилди. Бул тууралуу КР Президенттин Жалал-Абаддагы Өкүлчүлүгү маалымдады.
Буга чейин N3 ҮДТнун имаратынын эскилиги жетип, тургандарга бир топ ыңгайсыздыктар жаралып, жаңы имаратка болгон муктаждык жогору болуп келген. Мындан улам тейлөө шарты жакшырып, заман талабына ылайык медициналык мекеме пайдаланууга берилди. ФАП 3миңден ашуун калкты тейлейт.
Белгилей кетсек, ФАПтын курулушу “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып курулду.