“Ала-Арча” жаратылыш паркында йога күнүнө арналган иш-чара өттү
Бүгүн “Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркында йога күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чара Индиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага Индиянын элчиси Бирендер Сингх Ядав, анын жубайы, элчиликтин өкүлдөрү, йога боюнча машыктыруучулар жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар Ала-Тоо кучагында жайгашкан жаратылыш паркында тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги астында йога көнүгүүлөрүн жасашты.
Индиянын элчиси Бирендер Сингх Ядав эл аралык йога күнү Бишкекте 21-июнда белгиленерин айтып, бүгүнкү иш-чара йога күнүнө карата уюштурулгандыгын кошумчалады.
“Биз бүгүн “Ала-Арча” жаратылыш паркында йога сабактарын өткөрдүк. Бул иш-чара Бишкек шаарында 21-июнда белгилене турган эл аралык йога күнүнө карата уюштурулду. Туура 25 күндөн кийин йога күнүн белгилейбиз. Иш-чара Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдында өтөт. Учурдан пайдаланып бардык каалоочуларды иш-чарага катышууга чакырып кетет элем. Йога бул физикалык машыгуулардын комплекси гана эмес, ал жан дүйнөнүн тең салмактуулугуна жетүүгө дагы жардам берет. Йога менен каалаган жерде машыгууга болот”, – деди элчи.
Йога боюнча машыктыруучу Рахат Кыргызстанда жылдан-жылга йогага кызыккандардын саны көбөйүп жаткандыгын белгиледи.
“Йога — бул дүйнөнү таанып-билүүнү үйрөтөт. Йоганын көнүгүүлөрүн аткаруу менен бир топ оорулардын алдын алып, ашыкча салмактан арылганга шарт түзүлөт. Мисалы, атайын көнүгүүлөрдүн жардамы менен муун ооруларын, омуртка, нерв системасын, кан тамыр ооруларынан арылууга жардам берет. Бүгүнкү күндө өлкөдө йогага кызыккандардын саны арбып келе жатат”, — деди машыктыруучу.
Йога – дене менен рухтун биримдигин камтыган байыркы индиялык салт. Дене менен жан дүйнө сергектигинин этикалык маданияты болуп саналат. Денени жана жан дүйнөнү ар кандай татаалдыкта жакшыртуу, ой жүгүртүүгө ыңгайлуу болгон абалдарга денени көндүрүү.