“Ала-Арча” жаратылыш паркына 1-майдан тартып электромобилдер гана кире алат

 “Ала-Арча” жаратылыш паркына 1-майдан тартып электромобилдер гана кире алат

Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына 2025-жылдын 1-майынын тартып электромобилдерден башка унаалардын кирүүсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кызмат” мамлекеттик мекемесинде журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Иш башкармалык тарабынан сатылып алынган 84 электрокар Бишкекке келген.

“Жаратылыш паркка 12, 14 орундуу электрокарлар алынды. Эми паркка бир гана электромобилдер кире алат. Ал жакта азыр инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш-аракеттер, даярдыктар жүрүп жатат. Мисалы, таза абада чоң амфитеатр курулууда. Тез татым жайлары да каралган. Ошондуктан эми ал жакта толугу менен кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүп, тамак-аш даярдоого тыюу салынат”,- деди Туманбаев.

Связанный пост