Ала-Арча тоосуна кетип дайынсыз болуп жаткан жарандардын сөөгү табылды
Ала-Арча тоосуна 3-август күнү чыгып кетип, 1982-жылы туулган М. Б. жана 2015-жылы туулган кызы дайынсыз болуп атканы тууралуу маалымат түшкөн.
Бүгүн эрте менен издөө иштерине, жерине ӨКМге караштуу КДМБдан 5 куткаруучу, Ысык-Ата райондук ӨКБдан дрон менен 1 офицер жана туугандарынан 15 адам тартылган.
Саат 9:53тө изделип аткан адамдын сөөгү Ала-Арча суусунда жаткандыгы тууралуу маалымат ыктыярчылар тарабынан 112 кызматына түшккөн. Бирок аны издеп жаткан куткаруучулар менен байланыш үзүлгөндүктөн, Аламүдүн райондук ӨКБдан 4 куткаруучу жерине чыгып кетти. Андан ары ӨКМдин шаардык жана райондук бөлүмдөрүнөн кошумча куткаруучулар тартылып, жыйынтыгында 39 куткаруучу 2 дрон жана туугандарынан 18 адам издөө ишин жүргүзгөн.
Саат 15:30да чамасында куткаруучулар сууга аккан жарандын сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Андан кийин бир нече саат издөө иштерин жүргүзгөн соң кызынын сөөгүн да таап, аны да өткөрүп беришти.