“Ала-Арча” паркында жаратылышта тамак-аш жасоого тыюу салынат

 “Ала-Арча” паркында жаратылышта тамак-аш жасоого тыюу салынат

“Ала-Арча” мамлекеттик паркында иш-чараларды өткөрүп, жаратылышта тамак-аш жасоого тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ошондой эле “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына 1-майдан тартып электромобилдерден башка унаалардын кирүүсүнө да тыюу салынаарын кошумчалады.

“Жаратылыш паркка 12, 14 орундуу 84 электрокарлар алынды. Эми паркка бир гана электромобилдер кире алат. Азыр инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш-аракеттер, даярдыктар жүрүп жатат. Мисалы, таза абада чоң амфитеатр курулууда. Тез татым жайлары да каралган”,- деди Туманбаев.

Связанный пост