Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасында коло байгени багындырышты

 Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасында коло байгени багындырышты

Балбан Акжол Махмудов Париждеги Олимпиада оюндарында коло медалды багындырды.

 

Акжол Махмудов 77 кг салмак ченинде 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулейман менен күрөшүп, 6:5 эсебинде жеңип алды.

 

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов 1/8 финалда америкалык Камал Амир Бэйди 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 3:1 эсебинде утулуп калган.

 

Андан кийин коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгып, колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде жеңип кеткен.

 

Учурда өлкө куржунунда 3 медаль – 1 күмүш, 2 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов коло байге жеңди.

 

Париждеги Олимпиада оюндарында балбан Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынды.

 

Үзүр Жусупбеков 97 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн беттеште египеттик Мохамед Габр менен күч сынашып, аны 2:1 эсебинде жеңди.

 

Буга чейин Жусупбеков 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венскаитисти 5:1 эсебинде артта калтырса, чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 8:0 эсебинде жеңилип калган. Ал эми коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу таймашта америкалык Жозефь Патрик Рауну 9:4 эсебинде уткан.

 

Учурда өлкө куржунунда 4 медаль – 1 күмүш, 3 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов коло байге, 97 кг салмак ченинде Үзүр Жусупбеков коло медаль жеңди.

Связанный пост