Акыркы жумада 20,2 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
15-декабрдан 21-декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 295 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 558;
- мас абалында унаа башкаруу – 424;
- унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 135;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 565;
- унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 980;
- авто ээнбаштык –29;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 569;
- жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 4;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 312;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 719 унаа токтотуучу жайга токтотулган.