«Акыркы коңгуроо» салтанатту иш-чарасы республика аймагында эч кандай өзгөчө кырдаалсыз, тынч өттү
Кечээ, 25-майда республикада «Акыркы коңгуроого» арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызматын улантууда. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо максатында республиканын ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы кызматтын күчөтүлгөн режимине өткөрүлгөн. Борбор калаадагы бардык мектептерде балдар иштери боюнча инспекторлор, милициянын участкалык инспекторлору жана ЖКККББнын кызматкерлери кызмат өтөштү.
Майрамдык иш-чараларга 2366 билим берүү уюмдарынан 200 миңге жакын бүтүрүүчүлөр катышты. “Акыркы конгуроо” учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 5 миңге жакын милиция кызматкерлери жана 52 милициянын көчмө кабылдамасы жооптуу болду.
Учурда өлкөдө абал туруктуу, милиция кызматкерлери тартипти сактоо жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Ички иштер министрлиги жарандарды кыраакы болууга, жоопкерчиликти жогорулатууга жана мыйзамдуулукту сактоого чакырат.