Акыркы 5 жылда ӨКМдин бюджети 6 эседен ашык өстү

 Акыркы 5 жылда ӨКМдин бюджети 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети 6 эседен ашык өстү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Ага ылайык, куткаруучулардын айлык акысы да жогорулады. Бул коопсуздукка жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкка түздөн-түз таасирин тийгизет.

2020-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иш алып барса, учурда 240,8 млн сомдук кирешеге чыкты. Алар эски карыздарын жаап эле тим болбостон, туруктуу кирешеге жетишти.

Связанный пост