Акыркы 4 жылда пенсияны жогорулатууга 60 млрд сом жумшалды

 Акыркы 4 жылда пенсияны жогорулатууга 60 млрд сом жумшалды

Акыркы төрт жылда пенсияны жогорулатууга 60 млрд сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн “Пенсиялык системанын өнүгүшү: учурдагы абалы жана келечеги” аталышындагы эксперттик жолугушууда айтылды.

Социалдык фонддон билдиришкендей, ошондой эле 2025-жылы пенсия төлөөгө 110,9 млрд сом каралганы, ал эми орточо пенсия 11 300 сомго чейин өскөнү белгиленди.

Кыргызстандын пенсия системасынын келечегин талкуулоого арналган жолугушууга мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун, ишкерлердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

Связанный пост