Акыркы үч күндө электр энергиясын керектөө кескин өстү
Аба ырайынын суукташына байланыштуу акыркы үч күндө Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу “Улуттук электр тармактары” ААКтын Чүй электр тармактары ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Убайдылда Уметов “Биринчи радиого” билдирди.
Анын айтымында, Чүй электр тармактары ишканасы тейлеген аймакта электр энергиясын керектөө суткасына 9 млн 342 миң кВт саатка жетти. Мындан үч-төрт күн мурда бул көрсөткүч 8 млн кВт сааттын тегерегинде болгон.
“Керектөөнүн өсүшүнүн себеби, элдин баары көмүр менен камсыз боло элек. Тоо этектериндеги эл бир кар жаамайынча көмүр алышпайт. Көмүр сатып алууну кийинкиге калтырып, үйлөрүн жылытуу үчүн электр энергиясын көбүрөөк пайдаланып жатышат”, — деди Уметов.
Ушуга байланыштуу ал Чүй облусунун тургундарын көмүрдү өз убагында камдап, үйлөрдү жылытууда электр энергиясына түшкөн жүктү азайтууга чакырды.
“Көмүрдү убагында алып, үйлөрдү көмүр жагып жылытсак жакшы болмок. Анда электр жабдууларына түшкөн күч азайып, электр энергиясын жазга чейин жетиштүү пайдаланууга шарт түзүлөт”, — деди “Улуттук электр тармактарынын” өкүлү.