“Акылдуу” эсептегичке өтүү менен 10 тонна кагаз үнөмдөлдү

 “Акылдуу” эсептегичке өтүү менен 10 тонна кагаз үнөмдөлдү

Эсептегичтеги көрсөткүчтү аралыктан чогултуп, 10 тонна кагаз үнөмдөлдү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

“Мурда инспекторлор үймө-үй кыдырып эсептегичтеги көрсөткүчтөрдү жазышчу. Азыр баары “Мой свет” тиркемеси аркылуу алынат. Аны республика боюнча 97,5% жарандар колдонуп жатат. Ошонун эсебинен бизде 10 тонна кагаз үнөмдөлдү. Бул 10 млн сомду түзмөк. Инспекторлорду кыскарттык, алардын функциясын “акылдуу” эсептегич аткарып жатат”, – деди министр.

Связанный пост