Акылбек Жапаров жетектеген делегациясы ЭВФ менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышат

 Акылбек Жапаров жетектеген делегациясы ЭВФ менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн Вашингтонго (АКШ) келди.

 

Жумушчу сапарынын алкагында Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, USAID, Америка-Кыргыз соода палатасы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы сыяктуу эл аралык каржы институттарынын жана уюмдардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

 

Тараптардын талкуусунун негизги темасы гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү, атап айтканда Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоору, ошондой эле экономикалык перспективалар жана климаттын өзгөрүүсү маселелери, ошондой эле «Полярдык жылдыз» мектебинин билим берүү трансформациясы программасын илгерилетүү болмокчу.

 

Мындан тышкары дүйнөлүк алдыңкы финансылык жана технологиялык корпорациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар пландалууда.

Связанный пост