Акылбек Жапаров “Улуу чат” көзөмөл кампасына жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна барды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен биргеликте “Улуу чат” бажы терминалына жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна барышты.
“Улуу чат” бажы терминалынын базасында Кыргызстан аркылуу кирген товарларды сактоочу атайын көзөмөл кампасын куруу мерчемделип жатканы туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасына маалымат берилди.
Андан ары Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчылары “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна барышты. Бул жерде Кытай тарап, алдыда курулуучу ленталуу конвейерди презентация кылды. Долбоор боюнча ленталуу конвейердин бир башы Кыргызстандын аймагында көмүр базасы менен жайгашса, экинчи жагы Кытай Эл Республикасынын аймагындагы базага туташат. Натыйжада көмүрдү экспорттоого ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Ошондой эле Кытай тарап, “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктунда жаңы курулган “Достук көпүрөсү” менен тааныштырды. Бул көпүрөнүн ишке кириши посттогу өткөрүү процессин тездетүүгө өбөлгө болот.