Акылбек Жапаров: Салыктар – бул «жакшылык айлампасы»

 Акылбек Жапаров: Салыктар – бул «жакшылык айлампасы»

2023-жылдын консолидацияланган бюджетин салыктын жаңы түрлөрүн киргизбестен жана көбөйтпөйпөстөн, 575 миллиард сомго жеткирдик. Салыктар – бул жакшылык айлампасы, бул жаран өнүккөн өлкөдө жана цивилизациялуу коомдо жашоо үчүн төлөй турган баа. Президент айткандай, салыктар биринчи кезекте өлкөнүн жана коомдун өнүгүшүнө салым катары кабыл алынышы керек. Бул тууралуу Улуттук салык форумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле республиканын негизги экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, өлкөнүн ИДПсы тарыхый чектен ашып, 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомго жеткенин белгиледи.

«Ишкерлердин экономикалык патриотизминин аркасында улуттук экономика учурдун чакырыктарына туруштук бере алат. Инвестициялардын ар бир “тамчысы” келечек муун үчүн маанилүү, бирок ар бир ишкер өз бизнесин ак ниеттүүлүк менен курушу керек, биз сиздерди ушуга чакырабыз! Биз экономиканы «агартуубуз» керек. Биз жасалма интеллектти колдоно баштадык, салыктык башкарууну модернизациялоо, автоматташтыруу жана жакшыртуу боюнча системалуу иштер жүрүп жатат. «SMART САЛЫМ»  долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу концепциясына ылайык салык процедураларын фискалдаштыруу жана тейлөөнүн жаңы принциптери ишке ашырылууда. «Бир салык, бир фискалдык орган, бир эсеп» принциби боюнча салык механизмдерин жана жол-жоболорун оптималдаштыруу жана салык мыйзамдарын жөнөкөйлөтүү зарыл. Санариптик механизмдер ишкерлерден чогултулган ар бир сомду көрсөтүшү керек. Негизги милдеттердин бири – биз товарлардын өлкө ичинде да, анын чегинен тышкары да өтүшүн көрүшүбүз керек», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Связанный пост