Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын “Достук” ордени менен сыйланды
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоогу, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн “Достук” ордени менен сыйланды.
“Достук” орденин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VI кыргыз-орус экономикалык форумунун пленардык жыйынында тапшырды.