Акылбек Жапаров Президенттин командасынын негизги жетишкендиги катары саясий корррупцияны демонтаждоо экендигин айтты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун командасынын негизги жетишкендиги катары саясий корррупцияны демонтаждоо болгондугун айтты.
«Анын эң башкы далили – Кумтөр, ал элге кайтарылды: Мындан тышкары Мегаком (300 млн$), Бител (75 млн$), Манас банк (18 млн$), Таш-Көмүрдөгү (60 млн$) завод кайтарылды. Эл аралык арбитраждык 11 иш боюнча жеңишке жеттик. Саясий коррупцияга каршы күрөштүн акыркы эпизоду уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш болду, анткени бул дагы саясий коррупциянын элементи катары саналган жана акыркы 30 жылда өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнүн шарты», — деди Акылбек Жапаров.
Анын айтымында, өлко Президенти мамлекетти иретке келтирүү үчүн Минкаб Төрагасы менен анын орун басарлары ортосунда милдеттерди так бөлүштүргөн. Тактап айтканда, өлкөнүн экономикалык блогуна – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, ал эми күч блогуна Камчыбек Ташиев жоопкерчилик алган.
«Азыр Министрлер Кабинетинин ичинде эч кандай түшүнбөстүктөр жок. Биздин темпке чыдабагандар же мурдагыдай жүрө берсе болот дегендер өздөрү эле жолдон түшүп калып жатат. Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ортосунда келишпеген бир да маселе жок», – деди Минкаб башчысы.
Мындан тышкары, ал мыйзам чыгаруунун күн тартибин колдогон депутаттык корпуска ыраазычылык билдирип, Президенттин командасын Манастын «Кырк чоросуна» салыштырды.