Акылбек Жапаров: Президенттин амбициялуу максаттарынын бири эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана билим сапатын бир нече эсеге жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясына катышты.

МинКаб Төрагасы чогулгандарды келе жаткан 8-март Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Акылбек Жапаров билим берүү тармагы өлкөнүн келечегинин өзөгү экенин жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын баса белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү системасы минималдуу талаптарга жооп бербейт, ошол себептүү кыска убакыттын аралыгында мектептердин окуу программаларын толук ыңгайлаштыруу боюнча планды көрсөтүүнү тапшырды.

“Бизге билим берүү тармагында кардиналдуу өзгөрүүлөр керек. Биз ар бир окуучунун потенциалын толук ачууга милдеттүүбүз. Алардын ар бирине Кудай талант берген. Мектептердин жана мамлекеттин милдети – ар бир окуучуга жеке мамилени табуу жана ага өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон ресурстарды берүү. Адамдык капитал – биздин эң чоң байлыгыбыз. Мамлекет башчысы тарабынан социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетүүнүн негизги шарты – бул эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана жаштарыбыздын билиминин жана жөндөмүнүн сапатын бир нече эсеге жогорулатуу”, – деди Акылбек Жапаров.

Коллегиянын жыйынтыгында ошондой эле жогорку окуу жайларга жана илимий мекемелерге бир катар тапшырмалар берилди.

Связанный пост