Акылбек Жапаров: Насирдин Исановдун аты Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылышы үчүн Министрлер Кабинети бардык күчүн жумшайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү: реалдуулук жана перспективалар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исанов Кыргыз Республикасынын биринчи Премьер-министри гана болбостон, өлкөнүн “башкы куруучусу” экенин, анын учурунда борбордо жана республиканын башка шаарларында ири курулуштар жүргүзүлгөнүн белгиледи.

 

“Кыргызстандын “башкы куруучусу”, мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго арналган конференцияга катышуу мен үчүн чоң сыймык. Президентибиздин командасы Премьер-министр катары баштаган ишмердүүлүгүн мисал катары улантууда деп ишенимдүү айта алам”, — деди Акылбек Жапаров.

 

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери, өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптанышына салым кошкон Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдыгын 2023-жылы белгилөө жана түбөлүккө калтыруу максатында Президенттин Жарлыгына ылайык тиешелүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөнүн белгиледи.

“Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү Ош шаарында өткөрүлөт”, – деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

 

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Насирдин Исанов тууралуу жеке эскерүүлөрүн бөлүшүү менен, республиканын экономикалык көрсөткүчтөрү болгон “Кумтөр” кенинин мамлекетке өткөрүлүшүн, стратегиялык курулуштар “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу жана “Камбар-Ата 1 ГЭС” долбоорлорунун башталганына токтолду.

 

Сөзүнүн соңунда МинКаб Төрагасы Насирдин Исановдун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирип, Министрлер Кабинети “Насирдин Исановдун аты Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылышы үчүн бардык күчүн жумшай” турганын белгиледи.

Связанный пост