Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары шамал электр станциясын курууга капсула салуу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көл облусунун Тоң районунда шамал электр станциясын курууга капсула салуу аземине катышты.

Инвестициялык долбоорду “Росатомдун кайра жаралуучу электр энергиясы” акционердик коому ишке ашырууда. Долбоорго ылайык 100 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясы курулат, пландалган жылдык өндүрүш 290 млн кВт/саатты түзөт. Курулуштун мөөнөтү 12 ай.

“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич БУУнун бийик трибунасынан климаттын өзгөрүшү, энергиянын кайра жаралуучу булактары, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу, жашыл экономика боюнча лидерлердин саммитинде сүйлөп жатып олуттуу демилгелерди көтөргөн. Ал кезде бул керектүү ресурстар, көпчүлүккө кыял болуп көрүнгөн. Бирок, ар кандай ишенбөөчүлүктөргө карабай, бүгүнкү күндө биз бул демилгелерди иш жүзүндө ишке ашыра баштадык. Ошентип, биз Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун максаттарынын бирин ишке ашыра баштадык. Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалы жогору аймактардын катарына кирсе да, биз керектөөбүздө шамалдын, күндүн же биогаздын энергиясын колдонгон жокпуз. Бизде жылына 300дөн ашык күн ачык болуп, жергиликтүү шамалдын күчү элдик уламыштарда чагылдырылган. Азыр Ысык-Көлдүн жээгиндеги Көк-Мойнок айылында 100 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясынын курулушу башталганына күбө болуудабыз”, – деген Акылбек Жапаров, долбоордон чоң үмүт бар экенин белгилеп, компания заманбап технологияларды жана жабдууларды колдонуп, ошондой эле жергиликтүү жашоочуларга жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана курулушта да жергиликтүү бюджетти толтурууда жардам берээрине ишенимин билдирди.

Ошондой эле МинКаб Төрагасы буга чейин Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясын курууга капсула салынганын, аны кыргыз компаниясы “Бишкек Солар” жана россиялык “Юнигрин Энерджи” кура турганын белгиледи. Электр энергиясы менен камсыздоо тармагында акыркы эки жылда Куланак ГЭСинин жана Орто-Токой ГЭСинин курулушу башталды, Бала-Саруу ГЭСинин жана башка ондогон чакан ГЭСтердин курулушу аяктады. Ат-Башы ГЭСи модернизацияланып, бүгүнкү күндө Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери реконструкцияланууда. Эл аралык деңгээлде CASA-1000 долбоорунун алкагында электр линияларын тартуу иштери башталды.

“Энергетика тармагындагы бардык ишканалардын кызматкерлерине жана жалпы энергетика тармагынын кызматкерлерине энергетикалык көз карандысыздыкка, Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталган ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем жана ийгилик каалайм”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук иш-чаранын конокторун шамал электр станциясынын курулушунун башталышы менен куттуктап, ишканага ийгиликтерди каалады.

Связанный пост