Акылбек Жапаров менен Либерал-демократиялык партиянын Башкы кеңешинин Төрагасы Тосиаки Эндо эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Либерал-демократиялык партиянын Башкы кеңешинин Төрагасы, Япониянын Парламентинин Өкүлдөр Палатасынын депутаты Тосиаки Эндо менен жолукту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты.

 

Министрлер Кабинетинин Башчысы “Кыргыз Республикасы Японияны демократиялык өнүгүүнүн, саясий жана соода-экономикалык кызматташуунун жалпы баалуулуктарын бөлүштүрүүчү жакын жана достук өнөктөш катары карай турганын” белгиледи.

 

Тараптар ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерине, атап айтканда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

 

Бул боюнча Министрлер Кабинетинин Башчысы энергетика, транспорт жана коммуникация тармагында ири инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну сунуштап, “бул жакшы мультипликативдик эффект берет” деген ишенимин билдирди.

 

Мындан тышкары, тараптар адам ресурстарын жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга токтолуп, Кыргызстанда улуттук макамга ээ болгон “Бир айыл – бир продукт” долбоорун жогору баалашты.

 

Өз кезегинде Тосиаки Эндо Япония менен Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, социалдык-гуманитардык тармактарда олуттуу потенциалы бар экенин баса белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууга даяр экендигйин билдирди.

Связанный пост