Акылбек Жапаров маморгандардын жана ведомстволордун жетекчилерине бир катар милдеттерди койду

 Акылбек Жапаров маморгандардын жана ведомстволордун жетекчилерине бир катар милдеттерди койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун күн тартибине киргизилген маселелердин жыйынтыгы менен мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине бир катар тапшырмаларды койду.

 

Анда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү маданият үйлөрүнүн жана китепканаларынын иши тууралуу угулган баяндамадан соң, жакынкы 2-3 жылда толугу менен мамлекеттеги бүт социалдык объекттер жаңырарын билдирип, азыртадан креативдүү, ишке кызыккан адистер керектигин белгиледи.

 

“Маданият үйлөрү, китепканалар – мамлекеттин жүзүн көрсөтүүчү, элди маданиятка үндөөчү, сабаттуулукка чакыруучу жер. Жол жээгинде – айланасы чөп басып, эшиги жабылып турган клубдарды Маданият министрлиги көргөндөн кийин, тиешелүү сунуштарды эмнеге киргизбейт. Китепканалар толугу менен жайгашкан ордуна карап мектептин китепканалары менен бириктирилсин. Алтынбек Аскарович, китепканалар менен маданият үйлөрүн иретке келтирүү боюнча ишти колго алыңыз, бул иш өзгөчө контролго алынсын”, – деди Акылбек Жапаров.

 

МинКаб Төрагасы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам долбоорлорун коргоо жана колдоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарууда мамлекеттик органдардын жетекчилерине бул багыттагы иштерге өзгөчө көңүл бөлүп, күчөтүүнү тапшырды.

 

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариус кызматтарынын ишмердүүлүгү тууралуу маселесинде министрликке тиешелүү тапшырмаларды берди.

“Нотариустар институту жеке адамдардын гана эмес, бүтүндөй коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн коомдук-укуктук функцияны аткарат. Ошондуктан Аяз Батыркулович, нотариустардын ишин санариптештирүү, бүгүн айтылган айрым функцияларды башка органдарга өткөрүп берүү, ашыкча документтерди талап кылбоо сыяктуу сунуштарды карап чыгып, чечиңиздер”, – деди МинКаб Төрагасы.

 

Отурумда ошондой эле “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун даректүүлүгүн Ош облусундагы Өзгөн районунун мисалында каралды. Бул багытта Акылбек Жапаров, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана шаар мэриялары жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын дыкат карап, иштерди күчөтүүнү тапшырды.

 

“Мамлекетте ар бир жаранга көрүлгөн камкордук өз дарегинде, өз ордунда жана өз максатында болууга тийиш. Социалдык маселелерди тейлеген губернаторлордун, акимдердин орун басарларынын ушул маселе боюнча алардын түздөн-түз милдети”, – деди ал.

 

Белгилей кетсек, азыркы күндө 83 204 үй-бүлөдөгү 283 081 балага жөлөк пул төлөнөт. Мындан тышкары, 100 миң сомдук контракттарды киргизүү максатында калктын аярлуу катмарына кайтарымсыз жардамдар берилүүдө, бул багытта жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата 20 428 үй-бүлөгө берилген.

Связанный пост