Акылбек Жапаров Кытайдын “Синьцзян Хуалин” корпорациясынын башкармалыгынын Төрагасы Ми Эньхуа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында СУАРдын бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларына барды.

 

Алсак, МинКаб Төрагасы Үрүмчү шаарындагы “Синьцзян Хуалин” корпорациясында болуп, корпорацияга караштуу эт комбинатынын иши менен таанышты.

 

МинКаб Төрагасына “асыл тукумдук базадан дасторконго чейинки” эт кластери көрсөтүлдү.

 

Белгиленгендей, завод толугу менен санариптештирилип, мал союу жана даяр продукцияны тоңдуруу үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган.

 

Андан ары МинКаб Төрагасы “Синьцзян Хуалин” корпорациясынын башкармалыгынын Төрагасы Ми Эньхуа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

 

МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасы Кытайдан инвестиция тартууга кызыкдар экенин жана айыл чарба, мейманкана, логистика, курулуш, кыймылсыз мүлк жана соода тармагында кызматташууну арттыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин белгиледи.

“Мал чарба комплексине, тамчылатып сугаруу тармагына жаңы технологиялар үчүн келдик. Климаттын өзгөрүшү, планетанын калкынын өсүп жатышы таза жана туруктуу энергия маселесин жаңыча көтөрүүдө. Биз суунун башында турган өлкө катары бул жаатта кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Мындан тышкары, ал корпорация өкүлдөрүн кыргыз делегациясынын курамы менен тааныштырып, бул жолугушуу Кытайдан келген өнөктөштөр менен түз байланыш түзүүгө жана реалдуу долбоорлорду талкуулоого өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгиледи.

 

Өз кезегинде “Синьцзян Хуалин” корпорациясынын башкармалыгынын Төрагасы жемиштүү кызматташууга даяр экенин билдирип, корпорация Кыргызстанды айыл чарба, энергиянын кайра жаралуучу булактары, гидроэнергетика жана логистика тармагында кызматташуу боюнча потенциалдуу өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын белгиледи.

 

Жолугушуунун соңунда МинКаб Төрагасы корпорация өкүлдөрүн мындан ары биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Связанный пост