Акылбек Жапаров: Кытай көп жылдар бою Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп келген жана кала берет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Шэньси провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Чжао Идэни кабыл алды.

 

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, үстүбүздөгү жыл эки өлкө үчүн “бардык пландар боюнча жемиштүү болду” деп белгилешти.

 

МинКаб Төрагасы “Кытай көп жылдардан бери Кыргызстан үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири болуп келген жана болуп кала берет” деп белгиледи.

 

Тараптар инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту.

 

Бул багытта МинКаб Төрагасы өлкө Президенти чет элдик инвесторлорду коргоо маселесине жеке көңүл буруп жатканын белгилеп, Кыргызстанда либералдуу мыйзамдар бар экенин жана салыктын ставкалары төмөн экенин кошумчалады.

 

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Европа Биримдиги менен ВСП+ статусуна ээ, анын аркасында экспортерлор ЕБ өлкөлөрүнө нөлдүк тарифтик ставкалар боюнча 6200дөн ашуун товардык позицияны бере алышат.

МинКаб Төрагасы ошондой эле кесиптик-техникалык билим берүү тармагында кызматташууга, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында башталгыч жана орто кесиптик билим берүү үчүн биргелешкен кыргыз-кытай билим берүү мекемелерин (лицейлер, колледждер, институттар) түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

 

Өз кезегинде Кытайдын Шэньси провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Чжао Идэ идеяларды, анын ичинде бул жолугушуунун жүрүшүндө айтылган идеяларды иш жүзүндө ишке ашырууга даяр экендигин билдирди жана экономика, соода, инфраструктура, транспорт, энергетика, инвестиция, айыл чарба, туризм жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Чжао Идэ ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасынын прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган максималдуу күч-аракеттерди жумшоо ниетин кошумчалады.

Связанный пост