Акылбек Жапаров “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсына атайын техникаларды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна 30 даана атайын техниканы тапшырды.

 

“30 даана атайын техниканы сатып алууга 180 млн сом бөлүнгөн. 2024-жылы 271 миллион сомго 65 даана атайын техника сатып алынды. Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 100 ишкана ачылат. Алардын баары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болгондо гана иштей алат. Өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшү сиздердин эмгегиңиздерден көз каранды”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Сатып алынган атайын техникалар аймактык бөлүмдөргө жөнөтүлөт.

Связанный пост