Акылбек Жапаров креативдүү экономика боюнча Глобалдык кеңешинин эксперттери менен жолугушту

 Акылбек Жапаров креативдүү экономика боюнча Глобалдык кеңешинин эксперттери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров креативдик экономика боюнча Глобалдык кеңешинин эксперттери менен жолугушуу өткөрдү.

 

«Уникалдуу жаратылыштын кооздугу адамдын жүрөгүнүн жылуулугу менен айкалышкан, адамдык капиталдын байлыгы өзгөчө атмосфераны түзгөн креативдүү экономика жаңы идеяларга шыктандырган өлкө – Кыргызстанга кош келиңиздер”-деп жолугушууну баштады МинКаб башчысы. Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасы “өзүнүн уникалдуу өнүгүү жолу менен ишенимдүү бара жаткан этапта”.

 

«Президент Садыр Жапаровдун жетекчилигиндеги команда 3 жыл ичинде өлкөнүн бюджетин 3 эсеге көбөйтө алды. 2020-жылы консолидацияланган бюджет 247,7 миллиард сомду, 2023-жылга карата бюджеттин ресурстары 577,2 миллиард сомго жетти. 2024-жылы 660 миллиард сомдон ашык деңгээлге жетишүүнү пландап жатабыз», – деди деген МинКаб башчысы, өзгөчө Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу аймактык маанидеги ири долбоорлорду ишке ашыруу башталганын белгиледи.

 

Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргыз Республикасындагы креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн хронологиясына токтолуп, жыйынга катышкандардын көңүлүн, Креативдүү индустриялар паркын түзүү боюнча Министрлер Кабинетинин чечимине бурду.

 

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү боюнча пландары менен бөлүшүп, 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү максатын белгилеп, аны “илбирсттин секириги” деп атады.

 

Кеңештин эксперттери креативдүү индустриянын маанилүүлүгүнө берген жогорку баасы үчүн МинКаб башчысына ыраазычылык билдиришип, Президенттин Администрациянын жаңы имаратына «фантастикалык» деп жогору баа беришти.

Мындан тышкары, алар Кыргызстандын креативдүү индустриясына кызыгуусун билдирип, креативдүү экономика тездик менен өсүп, жумуш орундарын түзүп жатканын, ошондой эле башка тармактардын өнүгүшүнө түрткү болуп жатканын белгилешти.

 

Кеңештин эксперттери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларын талдап, аны Кыргызстанда өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды беришти.

 

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров эксперттердин иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, алардын кеп-кеңештери жана сунуштары Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.

 

«Кыргызстанда креативдүү экономика жөн гана жаңы тенденция эмес, өнүгүүнүн стратегиялык вектору болуп саналат, биз аны активдүү колдоого жана өнүктүрүүгө умтулабыз», – деди Акылбек Жапаров.

 

Жолугушуу креативдүү экономика тармагындагы узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташтыкты талкуулоо менен аяктады.

Связанный пост