Акылбек Жапаров КР 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу маселесине байланышкан жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу маселесин талкуулаган жыйын болуп өттү.

 

Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Бүгүн биз алдыда аткарыла турган көп иштердин босогосунда турабыз – 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну баштап жатабыз, бул программанын алкагында алдыдагы 6 жылда биз кайсыл жакка кантип бара турганыбызды аныктайбыз”, – деп билдирди.

 

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн акыркы 3 жылдагы негизги социалдык-экономикалык жетишкендиктери талкууланып, 2030-жылга чейинки негизги максаттар жана милдеттер белгиленди.

 

Отурумдун соңунда Акылбек Жапаров өлкөнүн бардык министрликтерине жана ведомстволоруна, ошондой эле Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө мамлекетти 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маанилүү тапшырмаларды берди.

 

“Урматтуу кесиптештер, максат жана милдеттер так, артыкчылыктар аныкталды, эми ишке киришиңиздерди суранам”, – деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб Төрагасы.

Связанный пост