Акылбек Жапаров Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов менен телефон аркылуу сүйлөштү
![Акылбек Жапаров Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов менен телефон аркылуу сүйлөштү](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2024/02/23928_1707731722_lg-850x560.jpg)
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Акылбек Жапаров Олжас Бектеновду Казакстандын премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
“Биз казак тарап менен болгон мамилени жогору баалайбыз жана аны мындан ары да чыңдоого умтулабыз. Дипломатиялык мамилелерибиз түзүлгөндөн бери биздин кыргыз-казак өз ара кызматташуубуз бекемделип, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштык деңгээлине жетти”, — деди Акылбек Жапаров.
Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча пландарды белгилешти.