Акылбек Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагына барды
Андан ары Минкаб башчысы Кашкар эркин экономикалык аймагындагы Нарын эркин экономикалык аймагынын бондалык кампасына барды. Белгилей кетсек 2023-жылдын 9-декабрында “Кашкар” ЭЭА менен “Нарын” ЭЭА түзгөн келишимге ылайык, “Кашкар” ЭЭАдагы бондалык кампа “Нарын” ЭЭАга пайдаланууга берилген.
Ошондой эле Акылбек Жапаров Кашкар шаарындагы “Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасынын бондалык кампасына барды. Бул кампада электрондук соода жүгүртүүнүн негизинде сатылган товарлар иргелип, даректерге жөнөтүлөөрү айтылды.