Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларусь Республикасына келди

 Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларусь Республикасына келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров иш сапары менен Минск шаарына (Беларусь Республикасы) келди.

 

Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

 

Акылбек Жапаров ошондой эле “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барат жана көргөзмөнүн алкагында өтүп жаткан “Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу” пленардык сессиясына катышат.

Связанный пост