Акылбек Жапаров Ирандын элчилигине барып көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине барып, тик учактын күтүүсүз кыйрашынан улам Иран Ислам Республикасынын Президенти Эбрахим Раиси, ошондой эле бир катар башка жогорку даражалуу расмий адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Иран элине көңүл айтты.

МинКаб Төрагасы дипломатиялык өкүлчүлүктө ачылган Көңүл айтуу китебине чын жүрөктөн тилектештик жана колдоо сөздөрү жазылган кол тамгасын калтырды.

Акылбек Жапаров курман болгондордун элесине гүл коюп, Ирандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Голамхоссейн Ядегари менен болгон кыскача баарлашуу учурунда Иран элине, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу сөздөрүн жолдоду.

Связанный пост