Акылбек Жапаров ИННОПРОМ 2024 Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн павильондору менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясына жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Михаил Головченко менен бирге ушул күндөрү Екатеринбург шаарында өтүп жаткан ИННОПРОМ 2024 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн павильондору менен таанышты.

 

Сапардын алкагында өкмөт башчылары өнөр жай, робототехника, санариптик технологиялар, машина куруу жана башка тармактарда инновациялык чечимдерди сунуштаган алдыңкы эл аралык жана россиялык компаниялардын экспозициялары менен таанышты.

 

Өкмөт башчыларынын көңүлү Кыргыз Республикасынын павильонуна да бурулуп, анда инвестициялык долбоорлор жана ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары көрсөтүлдү.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өнөр жай тармагында тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо аянтчасы катары ИННОПРОМ көргөзмөсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Ал белгилегендей, Кыргызстан инвестицияларды тартуу жана ата мекендик өнөр жайга заманбап технологияларды киргизүү үчүн ИННОПРОМго катышуусун кеңейтүүгө жана анын потенциалын пайдаланууга даяр.

Связанный пост