Акылбек Жапаров “Газпром Кыргызстандын” 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Газпром Кыргызстандын” 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

 

Өз сөзүндө минкаб төрагасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин атынан бардык катышуучуларды “Газпром Кыргызстандын” 10 жылдык мааракеси менен куттуктады.

 

“Акыркы 10 жылдын ичинде “Газпром Кыргызстан” өлкөнү газдаштырууда негизги оюнчуга айланды. Магистралдык газ куурун куруу жана реконструкциялоо сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен газдаштыруу деңгээли 2014-жылдагы 22%дан 2024-жылы 40%га чейин өстү. 1400 чакырымдан ашык көчөдө газ тармактары курулуп, 20 миң жумушчу орун түзүлдү”, – деди ал.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы инфраструктураны модернизациялоого жумшалган инвестициялар 32 миллиард сомдон ашканын, бул алгач пландаштырылган көлөмдөн алда канча көп экенин, ал эми “Газпром — балдарга” программасы өлкө боюнча спорттук жана ден соолукту чыңдоо борборлорун курууга мүмкүндүк бергенин кошумчалады.

 

“Экономикалык өсүш жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууда газдаштыруу маанилүү роль ойнойт. Жаратылыш газын керектөөнүн көлөмү 10 жылдын ичинде 210дөн 500 миллион кубометрге чейин өстү”, – деди минкаб төрагасы.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгы газдаштыруу гана эмес, билим берүү, маданият жана искусствону да камтыйт.

 

“Биз Россиянын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын, анын ичинде мектеп автобустарынын берилишин жана жаңы мектептердин курулушун каржылоону жогору баалайбыз”, – деди ал.

 

Сөзүнүн аягында Акылбек Жапаров эки өлкөнүн өнөктөштүгү мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирип, энергетика жана социалдык тармакта жалпы максаттарга жетүү үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал “Газпром Кыргызстандын” ийгиликтүү иши — экономикага кошкон салымы гана эмес, өлкөбүздүн ар бир жаранынын жашоосун жакшыртууга жасалган маанилүү кадам экенин белгиледи.

Связанный пост