Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсенинин башчысы Навид Накви менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсенинин башчысы Навид Накви менен жолукту.

 

Жолугушууда тараптар Дүйнөлүк банктын 2024-2028-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы алкактык программасын, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашууну, энергетика тармагын өнүктүрүү жана Digital CASA долбоору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк Кыргызстанга өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча олуттуу колдоо көрсөткөн, жеткиликтүү жана ийкемдүү каржылоону, техникалык жана экспертизалык колдоо жагынан ишенимдүү өнөктөш экенин билдирди.

 

Ал эми Навид Накви Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын энергетика, таза суу, ирригация жана айыл чарба тармактарындагы ири долбоорлорду каржылоого даярдыгын кошумчалады.

Связанный пост