Акылбек Жапаров Бонецкийдин лабораториясынын Ош шаарындагы Өндүрүш филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Бонецкийдин лабораториясынын Ош шаарындагы Өндүрүш филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Лабораториялык диагностика кызматтары Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жашоочулары үчүн жакын жана жеткиликтүү болушу үчүн компания өзүнүн жаңы өндүрүштүк лабораториясын Ош шаарында ачты.
Белгилей кетсек, Бонецкийдин лабораториясы менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги калкка жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн аракеттерин бириктирген. Биргелешкен меморандумга ылайык, мамлекеттик медициналык мекемелерден атайын жолдомо алган бардык бейтаптар лабораторияда 50%га чейин арзандатуу менен анализдерди тапшыра алат.