Акылбек Жапаров: Биздин улуттук лидерибиз Кыргызстанда дүйнөнүн жогорку өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарына кирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейт

 Акылбек Жапаров: Биздин улуттук лидерибиз Кыргызстанда дүйнөнүн жогорку өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарына кирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейт

“Биздин улуттук лидерибиз Кыргызстанда дүйнөнүн жогорку өнүккөн отуз өлкөсүнүн катарына кирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейт. Мен анын Министрлер Кабинетинин башчысы жана Президенттин Администрациясынын жетекчиси катары бул улуу улуттук кыялдын ишке ашаарына ишенгенимди билдирем”-деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште жасаган баяндамасында.

МинКаб башчысы белгилегендей, Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында, жалпы жакшы макулдашылган иштин аркасында биргелешип мамлекеттик башкаруу институттарын калыбына келди.  Өлкөдөгү улуттук байлыктын эбегейсиз үлүшүн мурда өздөштүрүп алган жана ага тоскоол болгон чоң-кичине “мителерден” тазаланды.

“Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ак ниет башкаруу саясатын киргизүүнүн аркасында президент Жапаровдун төрт жылынын ичинде биз мамлекеттик консолидацияланган бюджеттин көлөмүн үч эсеге көбөйттүк. Бул жылдардын ичинде эл чарбасы эки эсе өстү. 2022 жана 2023-жылдары ИДПнын реалдуу өсүшүнө 9% жетиштик, ал эми ушул жылдын январь-октябрь айларында бул көрсөткүч 9,6%ды түздү. Жетишилген алгачкы натыйжалар бизди белгиленген багыттын ишенимдүүлүгүнө, биздин мандатыбыздын бекемдигине, бүткүл элибиздин колдоосуна таянуу менен бекемдейт. Бул ийгиликтер бизди шыктандырып, бизге күч жана ишеним берип, Президенттин Администрациясынан баштап эң катардагы адиске чейин бүтүндөй мамлекеттик аппаратты президент Садыр Жапаров алдыбызга койгон жаңы амбициялуу милдеттерди ишке ашырууга шыктандырат”-деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Ал белгилегендей, бул милдеттерди аткаруу үчүн бардык күчтөрдү жана элибиздин талантын мобилизациялоо менен гана чектелбестен, кажыбас кайраттуу болуу талап кылынат. Өлкөнүн ийгилиги ар бир жаранды социалдык жана экономикалык процесстерге терең тартуусуз мүмкүн эмес экенин айткан Минкаб башчысы Акылюек Жапаров бардык тармактарда жана аймактарда потенциалды көрүп жатканын билдирди.

“Биз радикалдуу реформаларды жүргүзүүдөн коркпошубуз керек, кыйынчылыктарга тоскоол болбой, жалпы жыргалчылыгыбызга карай жолдогу бардык тоскоолдуктарды жеңүүбүз керек”-деген Акылбек Жапаров жалпы эл өкүлдөрүн Кыргызстандын эл аралык аренада бекемделишине багытталган бул ишти улантуу үчүн, сунушталган чараларды колдоп, мамлекетибиздин жыргалчылыгы үчүн биргелешип иштөөгө чакырды.

“Кыргызстан дагы көп нерсеге жөндөмдүү өлкө экенин биргеликте жалпы дүйнөгө далилдей алабыз деп ишенем. Элдин биримдиги, мамлекеттин аймактык бүтүндүгү  жана салык – булар Кыргызстанды алдыдагы кылымдарга куруучу үч негизги түркүк”-деп сөзүн аяктаган МинКаб башчысы Акылбек Жапаров депутаттарды Кыргыз Республикасынын бюджеттик Мыйзамдарын колдоп берүүсүн өтүндү.

Связанный пост