Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушундагы 500 орундуу бала бакчанын ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушундагы бала бакчанын ачылыш аземине катышты.

 

МинКаб Төрагасы жергиликтүү тургундардын кубанычтуу окуясы менен куттуктады.

 

“Балдардын коопсуз жашоосу жана өнүгүүсү үчүн бардык шарттары менен курулган бала бакчанын ачылышы менен куттуктайм. Бала бакчада спорт зал, музыкалык жана концерттик залдар, медициналык жабдуулар, керектүү окуу куралдары жана оюнчуктар менен жабдылган. Акыркы 2 жылда борбор калаада 21 мектеп курулду. Мамлекеттик саясат балдардын сапаттуу билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган”, — деди Акылбек Жапаров.

 

Белгилей кетсек, бала бакчаны куруу долбоору боюнча 280 орундуу болсо, бирок, бала бакчанын аянтынын чоңдугуна байланыштуу кошумча жылдырма керебеттерди коюу менен дагы 230 орунду түзүүгө мүмкүн болду.

Связанный пост