Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы реформалардын маанилүүлүгүн белгиледи

 Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы реформалардын маанилүүлүгүн белгиледи

Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту кароонун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы реформалардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал белгилегендей, 2023-жылы китеп басып чыгаруу боюнча рекорд коюлган – 738 миң 670 нуска, ал эми 2025-жылга чейин китеп басып чыгарууга 744 миллион сом бөлүү пландалууда. Мугалимдерди колдоого да көңүл бурулууда: 2025-жылдын февраль айында мугалимдер үчүн 27 миң ноутбук таратыла баштайт.

Акылбек Жапаров IT адистиктери боюнча студенттердин саны 7100 адамга көбөйүп, мектептерге 25 миң компьютер берилгенин билдирди. Ал белгилегендей, билим берүү программалары толугу менен жаңыланып, санариптик сабаттуулукка жана критикалык ой жүгүртүүгө басым жасалууда.

Сөзүнүн аягында өлкөнүн келечеги билим берүүнүн сапатынан жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодон көз каранды экенин баса белгиледи.

Связанный пост