Акылбек Жапаров BC Card Kyrgyzstan кыргыз-корей биргелешкен компаниясынын ачылыш аземине катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров BC Card Kyrgyzstan кыргыз-корей биргелешкен компаниясынын ачылыш аземине катышты.

 

BC Card Kyrgyzstan компаниясы түштүк кореялык “BC Card жана Smartro” менен “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКнын алдыңкы компанияларынын өнөктөштүгүнүн натыйжасында түзүлгөн.

 

Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн финансылык инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

 

“Бүгүнкү иш-чара биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди, ошондой эле финансылык инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Компания “БиСи Кард Корея” тарабынан иштелип чыккан алдыңкы төлөм системасын модернизациялоо жана Кыргызстандын каржы рыногунун шарттарына ылайыкташтыруу максатында түзүлгөн. Компаниянын негизги милдети – эл аралык төлөм системаларынын карталарын колдонуу менен ички төлөмдөрдү оптималдуу иштетүүнү камсыз кылуу жана өлкө ичинде ПОС-терминалдардын бизнесин жана төлөм кызматтарын башкаруу”, – деди ал.

 

Минкаб төрагасы 2023-2027-жылдарга Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында акыркы жылдары министрлер кабинети накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө активдүү колдоо көрсөтүп жатканын улантты.

“Накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү биздин экономиканы модернизациялоого гана эмес, ошондой эле финансылык коопсуздукту бекемдөөгө жана финансылык инклюзивдүүлүктү жогорулатууга карай кадам болуп саналат. Биз төлөм процессин ушунчалык ыңгайлуу жана жөнөкөй кылышыбыз керек, ал тургай накталай акчага көнүп калгандар да жаңы технологияларга өтүүгө аргасыз болушу керек”, – деген Акылбек Жапаров компанияга ийгилик жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

Иш-чаранын алкагында ал BC Card Kyrgyzstan системасында биринчи төлөмдү жүргүздү.

Связанный пост