Акылбек Жапаров Базар-Коргон районундагы балдардын эс алуу борбору жана ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы “Ак илбирс” балдардын эс алуу борбору жана ден соолукту чыңдоо комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты

 

МинКаб Төрагасы Базар-Коргон районунда жайгашкан бул комплекс эки айдын ичинде бүткөрүлгөнүн жана анда жакшы эс алуу үчүн бардык шарттар бар экенин белгиледи.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы чогулгандарды борбордун курулушунун аякташы менен куттуктап, комплекс райондун гана эмес, бүтүндөй облустун көркү болоорун белгиледи.

 

Белгилей кетсек, комплексте 120 орундуу жатакана, китепкана, 100 орундуу кинотеатр, машыгуучу залдар, кичи футбол аянтчасы, спорт аянтчалары, 2 бассейн жана ашкана бар.

 

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Кыргызнефтегаз” ААКсы башкарган “Зорка” балдар лагеринде болду.

 

Акылбек Жапаров курулуш жана оңдоо иштеринен кийинки лагердин турак жайларын, медициналык пунктун, жыйындар залын жана ашканасын көрүп чыкты.

 

МинКаб Башчысы кошумча имараттын курулушу аяктагандан кийин лагерде көбүрөөк балдарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи.

 

“Ар бир облуста жайкысын балдардын эс алуусун уюштуруу зарыл. Балдар лагерлери баланы тартипке үйрөтөт, дени сак адаттарга үйрөтөт, ошондой эле мектеп каникулдарынын убагында кадимки күн тартибин түзүүгө жардам берет”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Белгилей кетсек, “Зорка” балдар лагери 1964-жылы курулган. Жалпы аянты 8,32 гектарды түзөт. Балдар лагерине жылына 1200-1350дөн ашуун бала келет.

Связанный пост