Акылбек Жапаров Азербайжандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү
Министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Азербайжандын премьер-министри Али Асадовдун телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Акылбек Жапаров Али Асадовду Азербайжандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экенин билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулашты.